Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Такыр уктабоо, уктай албай калуу. Сөздүн кыскасы, бул түнү да Наркбай уйку бетин көргөн жок (Кыдырмышев). Мындай түнү энем уйку бетин көрмөк беле (Жусупов). В.: Уйку качуу. Жалган курандын биринчи түнүндө уйкум качты (Жусупов). Бул түнү уйку качып, кыялым жер кезип жүрөт (Өмүрбаев).